Реконструкциядан кийин «Каракол» аэропорту алгачкы ирет Airbus A320 учагын кабыл алды

«Каракол» эл аралык аэропорту өз тарыхында биринчи жолу магистралдык класстагы Airbus A320 аба кемесин кабыл алды. Техникалык каттам учуп-конуу тилкесин ири реконструкциялоо иштери аяктагандан кийин ишке ашканын «Кыргызстандын аэропорттору» ААКтан билдиришти.
Компаниядан белгилешкендей, техникалык учуу аэропортту үзгүлтүксүз эл аралык каттамдарды ишке киргизүүгө даярдоонун маанилүү этабы болуп калды жана жаңыланган аэродром инфраструктурасынын мындан да ири аба кемелерин кабыл алууга даярдыгын тастыктады.
Реконструкциянын жүрүшүндө учуп-конуу тилкесинин узундугу 2 450 метрден 3 750 метрге чейин узартылды. Мындан тышкары, заманбап жарык-сигналдык жабдуулар жана ILS инструменталдык конуу системасы орнотулду. Бул учуулардын коопсуздук деңгээлин кыйла жогорулатып, аэропорттун эксплуатациялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти.
Эгерде буга чейин аэропорт негизинен Dash 8 Q400 сыяктуу аймактык учактарды, ошондой эле бизнес-жеттерди кабыл алууга ылайыкташкан болсо, эми анын инфраструктурасы Airbus A320 жана Boeing 737 үй-бүлөсүндөгү аба кемелерин тейлөөгө мүмкүндүк берет. Башка түрдөгү учактарды кабыл алуу мүмкүнчүлүгү алардын техникалык мүнөздөмөлөрүнө жана аэродром инфраструктурасына коюлган талаптарга жараша аныкталат.
«Кыргызстандын аэропорттору» ААКтын Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов ишке ашкан техникалык каттамды Ысык-Көл облусунун авиациясы үчүн тарыхый окуя деп атады.
«Бүгүн "Каракол" эл аралык аэропорту үчүн чынында эле тарыхый күн. Бул жерге биринчи жолу Airbus A320 конду. Жакында эле аэропорттун ири аба кемелерин кабыл алуу мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болчу, ал эми бүгүн учуп-конуу тилкеси 3 750 метрге чейин узартылып, аэродром инфраструктурасы модернизациялангандан кийин биз таптакыр башка деңгээлге чыгып жатабыз. Эми "Каракол" эл аралык аэропорт макамын жөн эле алып жүрбөстөн, эл аралык каттам тармагын өнүктүрүү үчүн реалдуу техникалык мүмкүнчүлүктөргө ээ болууда», — деп билдирди Самидинов.
Анын айтымында, учурда Россиядан, КМШ өлкөлөрүнөн, Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринен жана башка келечектүү багыттардан жаңы авиакаттамдарды ачуу боюнча иштер жүрүп жатат.
«Биздин милдет — Караколду Ысык-Көлдүн толук кандуу аба дарбазасына айландыруу жана чет элдик туристтердин Кыргызстандын башкы туристтик аймактарынын бирине түз жетүүсүнө шарт түзүү», — деп баса белгиледи компания жетекчиси.
Самидинов ошондой эле өлкөнүн аэропорт инфраструктурасын масштабдуу модернизациялоо мамлекеттин колдоосунун аркасында гана мүмкүн болгонун белгиледи.
«Бүгүнкү күндө Кыргызстандын жарандык авиациясында болуп жаткан масштабдуу өзгөрүүлөрдүн бардыгы КР Президенти Садыр Жапаровдун колдоосунун жана жеке демилгесинин негизинде ишке ашууда. Аэропорт инфраструктурасын жана ата мекендик авиацияны өнүктүрүү мамлекеттин маанилүү артыкчылыктарынын бири катары аныкталган. Акыркы жылдары биз өлкө боюнча аэропортторду куруунун жана модернизациялоонун таптакыр жаңы темптерин көрүп жатабыз. Биздин милдет — бул ишти улантуу жана Кыргызстанды бүткүл дүйнө үчүн дагы да жеткиликтүү кылуу», — деп жыйынтыктады ал.