Садыр Жапаров Орусиянын аймактарына өнөр жай жана IT тармагындагы долбоорлорду сунуштадыӨзбекстан Борбордук Азиянын туристтик рыногунда сап башына чыкты — изилдөөТокмокто аялын жана балдарын сабоого шектелген жаран эки айга камалдыМинистрлик жарандарды жана туристтерди «Таш-Рабат» комплексине барбай турууга чакырдыМихаил Мишустин ЕӨАК жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келдиУлуттук банк айрым банктар накталай орус рублун албай жаткан жагдай боюнча түшүндүрмө берди
Борбордук аянтка чогулган Атамбаевдин тарапташтары жолду тосуп алышты
08.08.2019 | 23:27
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Бишкектин борбордук аянтына чогулуп жатышат. Бул тууралуу REPORTER маалымат агентигинин кабарчысы жеринен билдирди.
Аянтка чогулган эл тосмолорду сындырып, жолду тосуп жатышат. Мындан тышкары ЖМК өкүлдөрүнө карата орой мамиле кылышууда. Чогулгандардын тең жарымы Улуттук коопсуздук комитетинин имаратын көздөй бет алышты.
Учурда милиция кызматкерлери аятта жок.
Белгилей кетсек, Атамбаев УКМКга ал эми анын жакындары ИИМдин тергөө кызматына алынып келинген.
“Милиция кызматкерли Атамбаевдин кармалбагынын айтууда. Атамбаевди УКМКнын имаратына ал эми Фарид Ниязовду, Атамбаевдин жан сакчысын жана Кундуз Жолдубаеванын ИИМдин имаратына алып кирип кеткенине күбө болдук”, – деген жеринен кабарчыбыз.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар