ТҮЗ ЭФИР: Борбордук аянтта кайрадан массалык башаламандык башталды

ТҮЗ ЭФИР: Борбордук аянтта кайрадан массалык башаламандык башталды

Жогорку Кеңештин бир бөлүгү премьер-министрликке көрсөткөн Садыр Жапаровдун тарапташтары борбордук аянтта митинг өткөрүп жаткан экс-президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапкерлери жана жаш активисттерди сүрүп чыкты. Ушул тапта миңдеген адам “Садыр!” деп кыйкырып турушат.

Бүгүн Бишкекте үч митинг орун алды.

“Форум” ишканасына чогулган Атамбаев менен Бабановдун тарапкерлери президент Сооронбай Жээнбеков, Раимбек Матраимовдордун үй-бүлөсүнө каршы ураандарды айтып, борбордук аянтка бет алган. Ошол эле учурда Кыргызстандагы кылмыштуу топторго каршы темир жол бекетинде акция уюштургандар да аянтка жөнөгөн. Ага чейин аянттан анча алыс эмес жердеги өкмөт үйүнүн жанында Садыр Жапаровдун колдоочулары акция өткөрүп жаткандыгы белгилүү болгон. Атамбаевдин жак сакчысы Канат Сагынбаев сөз сүйлөп жатканда аянттын күн чыгыш тарабынан жоон топ бастырып келип, митингчилерди сүрүп чыгарган. 

Парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстанда коомдук-саясий кризис уланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>