Боронов: Баткенде кызмат өтөгөн милиционерлердин эрдиктери эч качан унутулбайт

Боронов: Баткенде кызмат өтөгөн милиционерлердин эрдиктери эч качан унутулбайт

Баткен облусу эки өлкө менен чектешкен өзгөчө стратегиялык аймак. Эки жыл катары менен болгон чек ара жаңжалдарындагы кан төгүлгөн окуяларды эске алсак, бул аймакта  элдин тынчтыгын камсыздоо, коомчулук менен иштөө чоң жоопкерчиликти талап кылат. Башка аймактарга салыштырмалуу күжүрмөн кызмат өтөп келишкен Баткен облусунун милиция кызматкерлеринин эмгегин өзгөчө баалоого болот. Кыйын жана катаал шартта иштегендиктерине карабастан калктын милицияга болгон ишенимин көтөрүүдө башка облустарга салыштырмалуу 2022-жылдын жыйынтыгы менен Баткен облусу биринчи орунга чыккан. Бул көрсөткүч быйыл да жаман эмес.

Облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Мурат Боронов менен Баткендеги милиция кызматкерлеринин иши тууралуу маек курдук.

— Мурат Самидинович, сөзүбүздү облустун аймагындагы коомдук коопсуздук абалдан баштайлы деп турабыз. Учурда кырдаал кандай?

— Мурдагы жылдарга салыштырмалуу туруктуу. Чек ара аймактарындагы коомдук коопсуздук милиция кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүүдө. Ал эми чек ара аймактарында жашаган жашоочулардын коопсуздугун сактоо, коомдук тартипти көзөмөлдөө максатында милиция кызматкерлери атайын кайгуулдарды уюштуруп, күндүзгү жана түнкү, эки нөөмөт менен иш алып барууда. Чек арага чектеш Баткен районунун Көк-Таш, ал эми Лейлек районунун Жаңы-Жер, Максат айылдарында кыргыз-тажик милиция кызматкерлеринин биргелешкен кайгуулу эки маршрут менен иш жүргүзүшөт. Белгилеп кетейин, аталган аймактарда жарандардын арыз-дооматтары боюнча ыкчам чара көрүү жана аларга керек учурда жардам берүү үчүн күнү-түнү кызмат өтөшүүдө. Эң башкысы кооптонууга негиз жок.

— Чек ара аймактарында кызмат өтөгөн милиция кызматкерлеринин ыкчам иштөөсү үчүн тийиштүү шарттар түзүлсө керек?

— Керектүү техникалар, байланыш каражаттары, интернет жана акыркы үлгүдөгү компьютерлер менен камсыздалган. Ал эми жарандардын арыз даттанууларын жеринде ыкчам чечүү үчүн милициянын көчмө кабылдамалары иш жүргүзөт. Мындан тышкары жогоруда аталган чек арадагы айылдар менин жеке көзөмөлүмдө. Ал жакта иштеген милициянын кызматкерлери үчүн участкалык пункттар курулуп, коомдук тартипти сактоо үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

— Өтүп бараткан жыл сиз үчүн эмеси менен эсте калды?

— Тынчтык болду. Бул баарыбыз үчүн өтө маанилүү. Себеби, эки жыл катары менен чек ара жаңжалдарында оор күндөрдү өткөрдүк. Элим-жерим деп кызмат өтөгөн милициянын мекенчил кызматкерлери дагы бул жаңжалда тынчтык үчүн курман болушту. Айтканга оңой болгону менен аларды эстөө оор. Облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы катары мен кызмат өтөп жатып каза болгондорго таазим кылам. Жакындарына дагы бир ирет көңүл айтам. Ал эми Төө-Ашууда өрттөнгөн бензовоздун айдоочусун куткарам деп өз өмүрүн берген эки кызматкерибиздин дагы эрдиктери баатырдыкка тете. Берген антын өмүрдөн да бийик коюп, калктын камын ойлогон кыраакы кызматкелерибиздин эсте калган мындай эрдиктерин албетте тарых да биз унутпайбыз.

— Баткендик милиция кызматкерлерине көрүлгөн өзгөчө камкордуктар жөнүндө да айта кетсеңиз.

— Акыркы эки жылда Баткенде куралдуу кагылышуулардан жараат алган жана каза болгон кызматкерлерге ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков тарабынан өзгөчө көзөмөлгө алынып, жараат алган кызматкерлерге компенсациялар, ал эми каза болгон кызматкерлерибизге социалдык жактан колдоолор көрсөтүлдү. Кызмат учурунда жараат алган кызматкерлерге компенсациялар өз мөөнөтүндө төлөнүп берилди. Эмгек акылары көбөйтүлдү. Жаңы үлгудөгү автоунаалар менен облустук башкармалык, Кызыл-кыя шаардык, Лейлек райондук ички иштер бөлүмү камсыздалды. Ал эми иштөө орундарында заман талабына ылайык интернет байланыштары менен туташтырылып, электрондук документ жүргүзүү системасында иш жүргүзүүдө. Бизге мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан социалдык камкордуктар, шарттар толугу менен канааттандырат. Бул милиция кызматкерлерине чоң дем болуп, элдин ишеничин актоого түрткү берүүдө.

— Милиция кызматкери кандай болушу керек?

— Милициянын кызматы жооптуу жана кооптуу. Бул кызматка иштейм деп бел байлаган ар бир инсан жоопкерчиликти сезе билип, өзүнө так болушу абзел. Анткени милиция элдин күзгүсү. Ошондуктан ар бир милиция кызматкерин дайындап жатканда эмнеге жөндөмү бар, физикалык жактан даярдыгы, билимдүүлүгүнүн деңгээлин жана иш-тажрыйбасына  карап, бир катар байкайм. Ал эми азыр жаңыдан кызматка алынып жаткан кызматкерлер конкурстун ар бир этабынан өтүп анан окууга жөнөтүлөт. Андан соң резервке алынып, дайындалат. Белгилей кетчү жагдай башка аймактарга салыштырмалуу Баткенде иштөө жооптуу. Биздин күжүрмөн кызматкерлер өз милдеттеринен тышкары чек ара аймактарына дагы көз салышат. Чек ара тилкелери тактала электигине байланыштуу тажик коллегалары менен бирдикте күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат. Мындайда ар бир кызматкерден өзгөчө жоопкерчилик, тактык, сактык, мекенчилдик талап кылынат.

— Коомчулуктун милицияга болгон ишеними кандай?

— 2022-жылдын жыйынтыгы менен калктын милицияга болгон ишенимин көтөрүүдө башка облустарга салыштырмалуу Баткен облусу биринчи орунга чыккан. Ал эми 2023-жылдын 6 айы менен өткөн жыйынтыкта Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын ишеним индекси андан дагы жогорулады. Демек, коомчулуктун, элдин бизге болгон ишеними жогору десек болот.

— Мындай ийгиликке кантип жетиштиңиздер?

— Элдин бейпилдиги, калктын коопсуздугу баарынан жогору турушу керек. Биз ушундай принцип менен иш алып барабыз. Ар бир жарандын арыз-даттануусуна дыкат көңүл бургула жана адилет туура чечкиле деп кызматкерлерге талапты катуу коём. Ар дайым көзөмөл жүргүзөм. Бул өтө маанилүү. Элдин ишенимин арттыруу үчүн туура чечимдерди чыгарыш керек. Качан гана арыздануучу арызы так жана туура каралып, акыйкат чечим чыкса гана милицияга болгон коомчулуктун ишеними өсөт.

Маектешкен Адылбек Акматов

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Баткен ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>