«Камалсам, кайра чыгам». Өмүр бою абакка кесилип, соттор түрмөдөн чыгарган адам кармалды (видео)

«Камалсам, кайра чыгам». Өмүр бою абакка кесилип, соттор түрмөдөн чыгарган адам кармалды (видео)

Жалал-Абадда “Женго” каймана аты бар Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Белгилүү болгондой, шектүү катары кармалган Ж.Т. аттуу жаран Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (“Алдамчылык”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Ал Жалал-Абад шаарындагы ишкерлерди коркутуп-үркүтүп, акчаларын алып жүргөн.

УКМКнын маалыматы боюнча, аталган жаран 2017-жылы “каракчылык”, “зордуктоо” жана “өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү” беренелери боюнча оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаган деп соттолуп, өмүр бою эркинен ажыратылган. Бирок 2022-жылы Ж.Т. сот органдары тарабынан шарттуу мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарылган.

“Бул чечимдин мыйзамдуулугу УКМК тарабынан иликтенип жатат. Анын жыйынтыгы менен өзгөчө коркунучтуу кылмышкерди шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошоткон соттордун аракеттерине тиешелүү юридикалык баа берилет”, — деп билдирет УКМК.

Учурда кармалган адам УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын  тергөө абагына камакка алынган. Тергөө иштери жүрүүдө.

УКМК аталган адамдын мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккен адамдар болсо 03722 5-60-49 номери аркылуу кайрылуусун суранат.

Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>