Садыр Жапаров УКМКнын жаңы имаратынын ачылышына катышты

Садыр Жапаров УКМКнын жаңы имаратынын ачылышына катышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-майда Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын жаңы имаратынын салтанаттуу ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Чогулгандардын алдында сүйлөгөн сөзүндө мамлекет башчы жаңы заманбап имаратты ачуунун маанилүүлүгүн белгилеп, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткаруусу үчүн зарыл шарттар жакшыртылып, түзүлүп жатканын баса белгиледи. Садыр Жапаров мамлекеттин коопсуздугу баарынан жогору турган, жалпыга белгилүү чындык экендигин айтты.

Президент мындай заманбап имараттардын ачылышы менен алардын ишинин эффективдүүлүгү жана ыкчамдыгы жогорулайт деп ишенет.

Мамлекет башчысы бул имаратта иштеген ар бир кызматкер Кыргызстандын стабилдүүлүгү жана өнүгүүсү үчүн маанилүү, жооптуу иштерди аткарууга шыктанаарына үмүттөнөөрүн билдирди.

Улуттук коопсуздук тутумунда өлкөнүн кызыкчылыгын толук коргоо, ошондой эле ички жана тышкы коркунучтарга каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн жетиштүү күчтөр жана каражаттар болушу керек. Бул үчүн тиешелүү каражат бөлүнгөн. Бирок алардын көлөмү экономиканын реалдуу мүмкүнчүлүктөрү менен аныкталат”, — дейт Жапаров.

Мамлекет башчысы андан ары имаратты, иш бөлмөлөрдү көрүп чыгып, улуттук коопсуздук кызматынын жаңы имаратынын аймагына көчөт отургузду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>