Ботаникалык бакта аял кишини сөккөн адам 5 күнгө камалды (видео)

Ботаникалык бакта аял кишини сөккөн адам 5 күнгө камалды (видео)

Бишкектеги Ботаникалык бакта аял кишини сөккөн адам 5 күнгө камакка алынды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 25-майда социалдык тармактарга видео тарап, андан славян түспөлүндөгү эркек киши видеонун авторун (аял кишини) сөгүп жатканын көрүүгө болот. Окуя Бишкек шаарындагы Ахунбаев көчөсүндөгү Ботаникалык бакта болгон.

Бул факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталган. Ошондой эле, аталган жарандын сүйлөгөн сөздөрү боюнча соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы менен шектүүнүн аракеттерине тиешелүү юридикалык баа берилет.

Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 32 жаштагы Б.Р. аттуу жаран кармалган. Кармоо учурунда аталган жаран сөгүнгөн. Ага байланыштуу милиция кызматкерлери тарабынан шектүүгө карата Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлгөн. Материалдар топтолуп, Октябрь райондук сотуна жөнөтүлгөн.

Райондук соттун чечими менен аталган жаран 5 күнгө камакка алынган.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Бишкектеги Ботаникалык бакта аял кишини сөккөн адам кармалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>