Депутат Надира Нарматованын уулу камактын чыкты

Депутат Надира Нарматованын уулу камактын чыкты

УКМК тарабынан кармалган, Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын уулу А.Н. бөгөт чарасы өзгөртүлүп, камактын чыкты. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалым болгондой, анын баш коргоо чарасы 11-майда каралган. УКМКнын тергөөчүсү А.Н. аттуу жарандын бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен кайрылган. Сот өтүнүчтү канааттандырып, А.Н. эч жакка кетпөө тилкаты менен камактан чыгарылган.

Буга чейин Нарматованын уулу 22-майга чейин камакка алынган.

Эскерте кетсек, депутаттын А.Н. аттуу уулу Ош облусунда бажы кызматында иштеген. Анын кармалышы Кытайдан товар ташуудагы коррупциялык ишке байланыштуу. Бул иш боюнча буга чейин башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси кармалган. Мамлекетке келтирилген зыян дээрлик 1 млрд сомго жетери айтылган.

18-мартта УКМК Кытайдан товар ташууда коррупциялык схема аныкталганын, ал боюнча Бажы кызматынын алты жооптуу адамын жана жеке компаниянын үч өкүлүн кармаганы тууралуу маалымат тараткан. Алардын ичинде жогорку кызматта иштеген адамдардын туугандары бар экени кабарланган.

Кийинчерээк УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кармалгандардын арасында башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси бар экенин билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>