Жогорку Кеңештин төрагасы легендарлуу сумочу Хакухо Се менен жолуктуМонголиянын президенти Кыргызстанга ШКУ саммитине жана Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн келдиМилиция «Мадина» базарындагы өрттөн кийин камералардагы жазууларды изилдедиСи Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди«Ильшат» коомдук фонду Бишкекте гепатологиялык борбор курат«Мадина» базарындагы өрттү өчүрүү учурунда эки өрт өчүрүүчү жабыркады
БШК Аравандагы мушташка байланыштуу эки талапкерди шайлоодон четтетти
25.09.2020 | 09:25
Аравандагы үгүт учурундагы мушташка байланыштуу талапкерлер Шүкүрулло Файзуллаев менен Илхом Маннанов шайлоодон четтетилди. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын 24-сентябрдагы жыйынында кабыл алынды.
Шүкүрулло Файзуллаев «Биримдик», Илхом Маннанов «Мекеним Кыргызстан» партияларынан талапкер болчу.
Белгилей кетсек, 20-сентябрда Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Маннановдун үгүтү учурунда чатак чыгып, 12 киши жаракат алып, ооруканага түшкөн. Милиция алты кишини кармап, сотко чейинки териштирүү баштаган.
Мушташ «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынын тарапкерлеринин ортосунда чыкканы айтылган. Эки партия тең муну чагым катары сыпаттаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат