logo
press@reporter.kg
  • facebook
  • odnoklassniki
  • twitter
  • instagram
  • telegram

БШК “Бир Бол” партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоого алды

БШК “Бир Бол” партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоого алды

Кечээ, 2-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы “Бир Бол” партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоого алды.

Буга чейин “Бир Бол” партиясы БШКга тиешелүү документтерди өз учурунда жана кынтыксыз тапшырган.

Аталган партиянын кезексиз Съезди Бишкек шаарында 17-августта өткөн. Анда «Бир Бол» саясий партиясынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо алдындагы «Инновациялык реформалардын мезгили» программасынын презентациясы жасаган.

Бул партиянын лидери Алтынбек Сулайманов 10-тизме менен парламенттик шайлоого аттанат. Ал эми 1-тизмеде мурда «Ата-Мекен» партиясынан депутат болгон Алмамбет Шыкмаматов турат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>