Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев менен болгон талаштан кийин кечирим сурадыБишкекте асма метро куруу мүмкүнчүлүгү каралуудаБишкектин бир бөлүгүндө 23-октябрда ичүүчү суу убактылуу токтотулатУлуттук банк эки төлөм уюмуна 6,2 млн сом айып пул салдыКыргызстандагы 25 мектепке «Starlink» спутниктик интернетинин терминалдары тапшырылдыКыргызстанда балдардын онкологиясына бөлүнгөн каржылоо беш жылда үч эсе өстү
БШК: Добуш сатып алуу аныкталса партия жарыштан четтейт
12.04.2021 | 16:47
Бишкекте өткөн брифинг учурунда Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Нуржан Шайлдабекова добуш сатып алуу жөнүндө айтты.
Добуш сатып алуу олуттуу кылмыш болуп саналат, деди ал.
«Укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, добуш сатып алуусу боюнча маалыматтар тергөө учурунда тастыкталса талапкерге жана партияларга баа берилет. Ошондой эле талапкерлердин же партиялардын каттоосу жокко чыгарылганга чейин чечим кабыл алынат», – деди БШКнын төрайымы.
Түндө митингге чыккан айрым партиянын өкүлдөрү шайлоочулардын добушун сатып алган партияларды жарыштан четтетүү талабын коюшкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат