БШК: Жарандарды санитардык эрежени так сактоого чакырабыз

БШК: Жарандарды санитардык эрежени так сактоого чакырабыз

Добуш берүү учурунда баардык жарандар санитардык эрежелерди так сактоосу керек. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов шайлоо процессинин жүрүшү тууралуу маалымат жыйында билдирди.

“Бул жолку Жогорку Кеңештин депуттарын шайлоо өзгөчө кырдаалда өтүп жатат. Бул бизде  эле эмес жалпы дүйнө элине келген кыйынчылык. Үгүт иштери онлайн форматта өттү. Добуш берүүдө, үгүт иштеринде кыйынчылыктар жаралды. Айрым шайлоочуларга добуш берүү алда канча ыңгайсыз,  адаттагыдай эмес шартта болууда. Буга байланыштуу керектүү эрежелер иштелип чыккан.  Бул кырдаалдага байланыштуу жалпы жарандарыбызды санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук эрежелерин сактоого чакырам. Кошумчалай кетүүчү нерсе баардык шайлоо участкалары керектүү залалсыздандыруу каражаттары менен камсыздалган”, — деди БШК өкүлү. 

Белгилей кетсек, бүгүн, 4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүүдө. Ага 16 саясий партия ат салышууда.

Тэги: шайлоо-2020

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>