БШКга Темирлан Султанбековдун үстүнөн арыз түштү

БШКга Темирлан Султанбековдун үстүнөн арыз түштү

Бишкек шаарынын тургуну Максат Сыргабековдун атынан “Социал- Демократ”  саясий партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун Борбордук шайлоо комиссиянын реестрине арыз түшкөн. Бул арыз аталган мекеменин сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда, 19-ноябрь күнү КТРК телеканалында “Тегерек стол” форматында шайлоо алдындагы акысыз эфир маалында Султанбековдун “Атамбаевдин тушунда “Ыйман” фонду ачылып, имамдарга айлык бериле баштаган” – деп айтканы шайлоо боюнча мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүгүн бузуу болуп калды.

Ошондой эле талапкер болбой туруп КТРКда өткөн “Тегерек столго” катышуу менен шайлоо мыйзамынын 3-беренесин бузганын айткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>