БУУ суу ташкынынан жапа чеккен Пакистанга акча издеп атат  

БУУ суу ташкынынан жапа чеккен Пакистанга акча издеп атат  

Үйлөрдү, ишканаларды жана инфраструктураларды кыйраткан селден 1100дөн ашуун адам каза болуп, 33 миллион адам жабыркады. Бириккен Улуттар Уюму суу ташкындарынан кийин Пакистанга 160 миллион доллар жардам сурады.

Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам түндүк тоолордон агып келген сел жүрүп, имараттарды жана көпүрөлөрдү бузуп, жолдорду жана эгиндерди агызып кеткен.

Пакистандын ортосунан түндүк чокуларынан түштүк түздүктөргө чейин агып өткөн Инд дарыясына эбегейсиз көлөмдөгү суу куюлуп, бүт жакта суу ташкындарын пайда кылды.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш шейшемби күнү Исламабад менен Женевадагы кайрылуусунда «Пакистан азаптын сазына батты» деди.

Пакистандын эсебинде, суу ташкынынан 33 миллиондон ашык адам же анын 220 миллион калкынын 15 пайыздан ашыгы жапа чеккен.

БУУнун башчысы өлкөнүн муктаждыктарынын масштабы бүткүл дүйнөнүн жамааттык жана артыкчылыктуу көңүл буруусун талап кылаарын айтты.

Гутерреш ошондой эле Пакистандагы суу ташкынынын климаттын өзгөрүшүнө каршы иш-аракеттерди күчөтүү үчүн дүйнөгө бир сигнал болгонун айтты.

«Келгиле, климаттын өзгөрүшү менен планетабыз жок болот деп кыялданууну токтотолу. Бүгүн бул Пакистан. Эртең ал сенин өлкөң болушу мүмкүн» — деди ал.

Метеорологдор жакынкы апталарда дагы жаан жаай турганын эскертишүүдө.

Кырсыктан жабыркаган 300гө жакын адам, анын ичинде бир нече туристтер Пакистандын түндүгүнө учак менен жеткирилгени кырсыктан жабыркагандарга жардам көрсөтүү мамлекеттик агенттигинин билдирүүсүндө айтылат.  50,000ден ашуун адам түндүк-батыштагы өкмөттүк эки баш калкалоочу жайга көчүрүлгөн. Чоң жолдун боюнда убактылуу чатыр шаарлар пайда болду.

Шашылыш муктаждык

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, суу ташкынынан 10 миллиард доллардан ашык зыян келтирилген.

Пакистандын тышкы иштер министри Билавал Бхутто-Зардари жүз миңдеген аялдар, балдар жана эркектер тамак-аш, таза суу, баш калкалоочу жай жана негизги медициналык жардамсыз ачык жерде жашап жатканын айтты.

«Бизге шашылыш түрдө баш калкалоочу жайларга, чатырларга жана чиркей торлоруна муктажбыз» деди  ал. Ошондой эле Пакистан дагы селден жабыркаган аймактарды калыбына келтирүү үчүн жардамга муктаж экенин кошумчалады.

Гутерриш  табылбай жаткан 160 миллион доллар  5,2 миллион адамды тамак-аш, суу, санитария, өзгөчө кырдаалдарда билим берүү жана медициналык колдоо менен камсыз кылат деп үмүттөнөрүн айтты.

Пакистандын табигый кырсыктарды башкаруу боюнча улуттук агенттигинин башчысы генерал Ахтар Наваз өлкөнүн 160 районунун кеминде 72си табигый кырсыктан жапа чеккен деп жарыяланганын билдирди.

Эки миллион акрдан ашык (0,8 миллион гектар) айдоо жерлери суу астында калганын айтып, жаан-чачындын жаашы орто эсеп менен үч эсе, кээ бир аймактарда алты эсеге чейин көп болгонун кошумчалады.

Сел апааты накталай акча тартыш Пакистан өкмөтүнө кошумча жүк болууда. Ал ошондой эле жакыр өлкөлөр климаттын өзгөрүшүнүн баасын көрсөттү.

Аба ырайынын катаал шарттары

1959-жылдан бери Пакистан  дүйнөдөгү көмүр кычкыл газынын 0,4 пайызын гана түзгөн. АКШ 21,5%, Кытай 16,5% жана Евро Биримдик 15% түзөт.

Бир нече илимпоздор рекорддук суу ташкынында климаттын өзгөрүшүнө таасир эткен бардык белгилери бар дешет.

Туруктуу өнүгүү саясаты институтунун аткаруучу директору жана Климаттын өзгөрүүсү боюнча Пакистан кеңешинин мүчөсү Абид Каюм Сулери өз божомолун айтты:

Пакистанда быйыл эң аз дегенде 30 жылда эң көп жаан жааган. Аймакта аба ырайынын катаал шарттары тез-тез болуп баратат жана Пакистан да четте калган жок» деди.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун басма сөз катчысы Кристиан Линдмайер Пакистандын медициналык мекемелери селден катуу жабыркап, алардын 180и «толугу менен жабыркаганын» билдирди.

Анын айтымында, айыл менен шаардык саламаттыкты сактоонун ортосунда чоң диспропорциялар бар.  Ал эми кант диабети сыяктуу жугуштуу эмес ооруларды дарылоо «катуу» таасир этет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>