Кыргызстанга америкалык «Boeing» учактарын жеткирүү мүмкүнчүлүгү каралуудаАКШ Борбор Азияга ким менен кызматташуу керектигин таңуулабайт — РубиоБоом капчыгайында таш түшүрүлүп, жол маал-маалы менен жарым-жартылай жабылат«Аферист жана кайырчы»: Жапаров Аблязовдун айыптоолоруна кескин жооп кайтардыКорей депутаты Кыргызстанды Борбор Азия рыногуна чыгуудагы маанилүү өнөктөш катары атадыКыргызстанда соттолгондорго кайрадан ырайым берүүгө уруксат берүү каралууда — жаңы эрежелер
Камактагы Атамбаев Эгемендүүлүк күн менен куттуктады
30.08.2022 | 23:53
Кыргызстандын мурдагы президенти, абакта жаткан Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен жалпы элди Фейсбуктагы баракчасы аркылуу куттуктады.
“Урматтуу мекендештерим!
Баарыныздарды келе жаткан Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм!
Быйыл бул майрам менин жердештерим, чүйлүктөр учун өзгөчө маанайда өтөт. Эгемендүүлүк күнү менен бирге сары өзөн Чүйдүн белгилүү уулу, тарыхта алтын тамга менен аты жазылган улуу Байтик баатырдын 200 жылдыгы белгиленип жатат.
Бул чечим абдан туура. Анткени Байтик баатыр болбогондо кыргыз эли дагы биртоп жыл Кокон хандыгынын кордугун көрмөк. Байтик баатырдын элеси ар бир чүйлүктүн жүрөгүндө бар. Эгемендүүлүк жылдары Кыргызстанда кайрадан Кокон хандыгын орнотом деген президенттерди тактыдан айдагандардын алдынкы катарларында ар дайым чүйлүктөр болгон.
Байтик баатырдын 200 жылдыгы Арашан айылынын Чункурчак жайлоосунда өтмөк болду. Ар бир аймактан, башка өлкөлөрдөн да коноктор келет. Бул Чүй үчүн, Арашан айылы учун абдан чон сыймык жана жоопкерчилик. Өз сыйлап келет, душман сындап келет, ошондуктан бул майрамды ынтымакта, биримдикте абдан жакшы өткөрөлүк!
Кудай буйруса, бир күнү улуу Байтик баатыр бабабыздын эстелиги мамлекетибиздин жана ошол эле убакта сары өзөн Чүйдүн борбору болгон Бишкек шаарынын да ортосунда орнотулат деп толук ишенем!
Баарыныздарды дагы бир жолу Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм! Аман эсен, бактылуу болгула! Жараткан элибизге ынтымак, жерибизге берекет берсин!“-деп айтылат куттуктоосунда.
Азыркы тапта Атамбаев 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупциялык иш боюнча шек саналып жатат.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат