Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
БУУнун Коопсуздук Кеңеши Палестина менен Израилдеги абалды талкуулайт
14.05.2021 | 10:14
БУУнун Коопсуздук Кеңеши 16-майда Израиль менен Палестинанын ортосундагы чыңалууну талкуулоо боюнча жыйын өткөрөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка таянсак, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйыны ачык форматта өтүп, Израилдеги жана Газа секторундагы кырдаалды талкуулоо үчүн чогулушат. Анда БУУнун Жакынкы Чыгыштагы Тынчтык процесси боюнча атайын координатору Тор Веннесланд билдирүү жасайт.
Буга чейин Израиль менен Палестинанын ортосундагы чыңалууну басаңдатуу үчүн Кытай, Норвегия жана Тунис жума күнү БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү сунушташкан.
Израиль менен Палестинанын Газа секторунда абал 10-май күнү кечинде курчуп кеткен. Учурда эки өлкө бир-бирине тынбай абадан сокку урууда.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар