БУУнун тиешелүү комитети соңку окуяларга карата билдирүү таратты

БУУнун тиешелүү комитети соңку окуяларга карата билдирүү таратты

БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Кыргызстандагы активисттер менен журналисттердин кармалышы боюнча соңку окуяларга тынчсыздануусун билдирди.

«Комитет укук коргоочуларга, юристтерге, саясатчыларга, журналисттерге жана башка жарандарга өз ой-пикирин, өзгөчө бийликти сындаган пикирлерин билдирүүсү үчүн бийликтин кысымы, анын ичинде блогерлер менен журналисттердин кылмыш жоопкерчилигине тартылышы тууралуу маалыматтарга тынчсызданууда.

Кыргызстанга коомчулукту кызыктырган маселелер боюнча сын пикирлерди басуу үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартпоо сунушталды. Камакта отурганда кыйноодон каза болгондор тууралуу маалыматтар Комитетти терең тынчсыздандырууда. Камакта кармоонун начар шарты өзгөчө өмүр бою эркинен ажыратылгандарды тынчсыздандырат.

Комитет Кыргызстанды камакта каза болгон бардык фактыларды ыкчам иликтөөгө, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөп берүүгө чакырат», — деп айтылат БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин билдирүүсүндө.

Ички иштер министрлиги 23-октябрда эртең менен бир катар саясатчылардын, активисттердин жана блогерлердин үйүндө тинтүү жүргүзгөн.
24-октябрда Бишкектин Биринчи Май соту камактагы активисттерге, саясатчыларга, блогерлерге жана журналисттерге карата баш коргоо чарасын тандады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: БУУ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>