Кыргызстанда Банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтРоссия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп бердиКРда акчаны адалдоо үчүн 1 миллион сом айып салуу жана фирмаларды жабуу сунушталуудаБишкекте заманбап авторлордун «Графика» көргөзмөсү өтөт
Шашылыш билдирүү: Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт
07.11.2022 | 20:37
Кыргызстанда 8-9-ноябрларда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан-чачын жаашы, өрөөндөрдө жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. 8-ноябрда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунун айрым жерлеринде катуу жаан-чачын жаайт.
Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.
Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом