Орусиялык журналист Ксения Собчак мекенине кайтып барды

Орусиялык журналист Ксения Собчак мекенине кайтып барды

Ксения Собчактын Орусияга кайтып келгенин бир катар орусиялык ЖМКлар журналисттин Псков облусунда чек арадан өтүп баратканын көргөн күбөлөргө жана анын кайтып келгендигин тастыктаган тааныштарына шилтеме берүү менен жазып чыгышкан.

ТАСС Түндүк-Батыш федералдык округдун күч түзүмдөрүндөгү булакка шилтеме жасап, Собчак 6-ноябрда түштөн кийин Орусияга кайтып келгенин жазды. Журналист күйөөсү Константин Богомолов менен Латвия менен чек арадагы Бурачки бекети аркылуу Орусияга киргенин РИА Новости тактады. РБК басылмасы болсо кайтып келген фактыны Собчактын тааныштарынын бири тастыктаганын жазат.

Өткөн аптада анын апасы Людмила Нарусова кызы жакын арада Орусияга кайтып келерин айтып, бирок дүйшөмбү күнү комментарий берүүдөн баш тарткан.

«Мен ушак-айыңдарга комментарий бербейм», — деп жазган «Коммерсант» Нарусованын сөзүн.

  • Собчак Орусиядан 26-октябрда чыгып кеткен. Бул күнү укук коргоо кызматкерлери анын Москва районундагы үйүн тинтүүгө алышкан. Маалым болгондой, журналист Орусиядан Беларусия аркылуу Литвага кеткен.
  • Тинтүү коммерциялык директор Собчак Кирилл Суханов, Tatler журналынын мурдагы башкы редактору Ариан Романовский жана журналист Тамерлан Бигаев кармалган опузалап пара талап кылуу ишинин алкагында жүргүзүлгөн. Тергөөнүн версиясы боюнча, «Ростек» мамлекеттик корпорациясынын жетекчиси Сергей Чемезовдон » Тушите свет» телеграм-каналынан «каралоочу маалыматты» өчүрүп салганы үчүн 11 миллион рубль талап кылынган.
  • Октябрда полицияда Собчакты кармоо боюнча чечим чыгып, бирок кийинчерээк ал жокко чыгарылганы кабарланган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>