Бүгүн Бишкекте аялдардын укугу үчүн жөө жүрүш өтөт

Бүгүн Бишкекте аялдардын укугу үчүн жөө жүрүш өтөт

Бүгүн, 8-мартта, Бишкекте гендердик зомбулук жана дискриминацияга каршы аялдардын тилектештик тынчтык жөө жүрүшү өтөт. Бул тууралуу «8/365» феминисттик кыймылы билдирди.

Жөө жүрүштүн катышуучулары Спорт ордосунун жанында саат 13:00до жолугат. Акциянын жүрүшүндө айрым адамдар тарабынан чагымчыл аракеттер жасалышы мүмкүн болгондуктан, уюштуруучулар жөө жүрүшкө келгендерди чагымчылдыккка алдырбоого чакырат.

Эскерте кетсек, бул жылы өтө турган жөө жүрүштүн темасы — аялдардын эркиндигине жетүүдөгү тилектештиги.

Уюштуруучулар билдиргендей, Кыргызстанда коомдук жайларда, окуу жайларда, коомдук унаада аялдарга карата ыдык көрсөтүү көбөйүүдө. Ал эми милиция менен соттор аялдарга каршы кылмыштарга көз жуумп, натыйжасыз иштөөдө.

«Эркектер менен аялдардын эмгек акыларынын айырмасы 30%ды түзөт. Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетишсиздигинен аялдар балдар менен отурууга же үйдөн иштеп эки жүктү көтөрүүгө аргасыз болууда.

Гендердик теңдик тууралу мыйзам иштебей жатат. Бүгүнкү күнү министрлердин арасында эки эле аял бар», — деп билдиришет уюштуруучулар.

Ошондой эле, алар жети облуста, 40 райондо, 32 кичи шаарда жана 453 айыл өкмөтүндө бир да жетекчи аял жок экенин белгилейт.

Алар жөө жүрүшкө зомбулукту токтотуу боюнча улуттук иш-аракеттер планын киргизүү, үй-бүлөлүк зомбулук үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу, ар бир райондо мамлекет тарабынан каржыланган кризистик борборлорду ачуу, аялдардын социалдык жана эмгек укуктарын кепилдиктерин камсыз кылуу сыяктуу талаптар менен чыгат.

Бишкек: 8-мартта аялдардын укугу үчүн жөө жүрүш өтөт

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>