Бүгүн Бишкекте “Музейдеги түн” акциясы өтөт

Бүгүн Бишкекте “Музейдеги түн” акциясы өтөт

Бүгүн, 18-майда Бишкек шарында эл аралык салттуу Музейлер күнүнө карата «Музейдеги түн» акциясы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, акция саат 17:00дѳн  22:00гѳ чейин Улуттук тарых музейинде өтөт. Ага 5 миңден ашуун кѳптѳгѳн кѳрүүчүлѳрдүн катышуусу күтүлүүдө. Анда бир эле мезгилде 70ге жакын иш-чара уюштурулат.

Музей кѳрүүчүлѳрү жана сүйүүчүлѳрү үчүн экспозиция залдарында тарыхый персонаждардын образдарын чагылдыруу, авиация моделдерин, турак жай макеттерин жасоо, улуттук оюндар, живопись жана скульптура жана башка түрдүү ѳнѳрлѳр боюнча мастер-класстар менен дүйнѳ элдеринин маданий ѳзгѳчѳлүктѳрүн чагылдырган япон элинин оригамилери, кытайдын каллиграфиялык сулуу жазуу ыкмасы, чай ичүү церемониясы, индиянын пластикалык бийлери тартууланат.

Иш-чаранын алкагында манасчылар, тѳкмѳ акындар, ырчылар жана бий-күү топторунун турган ѳнѳр адамдарынын кызыктуу концерттик программасы, Коргоо министрлигинин аскердик оркестринин салтанаттуу жүрүш ѳнѳрү жана “Аталар изи” коомдук фондусунун кыргыз улуттук кийимдеринин этно-модасы кѳрсѳтүлѳт.

Уз чеберлер кыргыздын салттуу элечек ороо, кыздын чачын ѳрүү, ийик ийүү сыяктуу эзелки элдик ѳнѳрлѳрүн кѳрүүчүлѳргѳ үйрѳтѳт. Улуттук баш кийимдердин жаңыланган түрлѳрү менен таанышуу мүмкүнчүлүгү түзүлѳт.

Атайын салтанаттуу жыйындар залында Балдардын жана ѳспүрүмдѳрдүн Улуттук “Сейтек” борборунун жана Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын улуттук борборлору тарабынан элдердин ынтымагын бекемдѳѳгѳ арналган концерттик номурлары аткарылып, жаратылышты коргоо боюнча тасма кѳрсѳтүлүп, викториналар ойнотулат.

Музейдин ѳнѳктѳштѳрү катары Кыргызстан элдеринин ассамблеясы, Кыргыз улуттук “Манас” театры, Коргоо министрлиги, Ч. Айтматов атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук орус драма театры, Балдардын жана өспүрүмдөрдүн Улуттук “Сейтек” борбору, “Аталар изи” коомдук фонду, “Кийиз дүйнѳ” коомдук фонду, USAID, ЮНИСЕФ, Конфуций институту, Кыргызстан Жогорку медициналык мектеби, И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациалык институту, “Кыргызстан студенттери Жашыл экономика үчүн” коомдук бирикмеси жана башка мекемелер жана эл аралык уюмдар жигердүү катышат.

Музей кыргыз элинин нарк дүйнѳсүн, тарыхын, маданиятын салтка айланган акция аркылуу жайылтуу менен, музейлердин ролун кѳтѳрүүчү негизги миссиясынын бир багытын жүзѳгѳ ашырат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>