Бүгүн Бишкекте сөз эркиндиги үчүн жөө жүрүш өтөт

Бүгүн Бишкекте сөз эркиндиги үчүн жөө жүрүш өтөт

Бүгүн, 14-октябрда Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын Кыргызстандын көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттары – Kaktus.media, Azattyk, Kloop сайттарын жабуу идеясына байланыштуу сөз эркиндиги үчүн жөө жүрүш өткөрүү пландалууда.

Жөө жүрүштү саат 13:00дө темир жол вокзалынын жанындагы аянттан баштоо пландалууда. Марштын маршруту Эркиндик бульвары менен Ак үйдүн имаратына чейин созулат.

Эске салсак, 13-октябрда “Азаттыктын” редакциясынын имаратынын жанында үч көз карандысыз маалымат каражатын жабуу боюнча митинг өткөн. Бир күн мурун депутат Надира Нарматова кесиптештеринен кол топтогон. Алдын ала маалыматтар боюнча, аны 40ка жакын депутат колдоп, бирок интернеттеги резонанстан кийин алардын айрымдары колдорун кайтарып алууну чечишкен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>