Достук айыл аймагына 4 млн сомго милиция бөлүмчөсү курулду — видео

Достук айыл аймагына 4 млн сомго милиция бөлүмчөсү курулду — видео

Ноокен районунун Достук айыл аймагына заманбап шарты менен милиция бөлүмчөсү курулду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, калк жыш жайгашкан, айрыкча чек арага жакын аймактарда кызматкерлердин иштөө шарттарын жакшыртуу жана элге жакындан кызмат көрсөтүү максатында Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн Достук аймактык милиция бөлүмчөсү курулду.

Курулуш иштерине 4 млн сомдон ашуун акча жумшалып, анын 3 млн сому республикалык бюджеттен, калган 1 млн сомдон ашууну Достук айыл өкмөтү тарабынан каржыланган.

Азыркы учурда имараттын ички, сырткы бөлүктөрү бүткөрүлгөн. Ичинде нөөмөт бөлүмү, административдик камера, кызматкерлердин иш бөлмөлөрү каралган. Ошондой эле жуунуучу бөлмө да ажыратылып, керектүү каражаттар орнотулган. Пластик терезелер, заманбап эшиктер коюлду. Учурда кызматтык бөлмөлөрдү майда жумуштары калды.

Достук аймактык милиция бөлүмчөсү жакында ачылат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>