«Ак илбирс ЭкоФест 2026» — Кеминде экологиялык фестиваль өттүКыргызстан менен Орусия саламаттыкты сактоо тармагында кызматташтыкты кеңейтүүдөКаратал-Жапырык коругунда сейрек кездешүүчү канаттуулар изилдендиБишкекте 16 томдук «Кыргыздардын тарыхынын» үстүндө иш улануудаКРСУнун студенти илимий иштердин бүкүл россиялык сынагынын жеңүүчүсү болдуКыргызстан менен Тажикстан жаңы чек ара мамыларын орнотушту
Бүгүн Садыр Жапаров Астанадагы эки саммитке катышат
14.10.2022 | 10:25
Бүгүн, 14-октябрда президент Садыр Жапаров Астана шаарында (Казакстан) өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин өлкө башчыларынын кеңешинин жыйынына жана “Борбордук Азия – Россия” саммитине катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
КМШнын өлкө башчыларынын жыйыны УТРК, республикалык жана облустук каналдардын, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчалардын түз эфиринде көрсөтүлөт.
Түз эфир Бишкек убактысы боюнча саат 12:30да башталат.
Эскерте кетсек, 13-октябрда Садыр Жапаров Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (АӨИЧК) мүчө мамлекеттердин VI саммитине катышкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом