Исхак Масалиев президенттикке талапкерлигин көрсөтүү үчүн БШКга арыз бердиБишкектин дагы бир көчөсүндө мыйзамсыз орнотулган көрнөк-жарнактар алындыОш шаарында 1200 орундуу Салижан Жигитов атындагы мектеп ачылдыАкча которуп берем деп, 69 миң долларын ээлеп алган: шектүү жаран кармалдыКыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамен тапшырууну жана унааларды каттоону күчөтүү сунушталууда10 айда мамлекеттик карызды тейлөөгө 73,9 млрд сом жумшалды
Бүгүн Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат. Себеби
17.03.2023 | 09:37
Бүгүн, 17-мартта Бишкекте милиция кызматкерлери менен мектеп окуучулары жөө жүрүшкө чыгышат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жөө жүрүш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарынын алдын алуу максатында айдоочуларды жол эрежелерине көңүл бурдуруу максатында өткөрүлөт.
“Буга байланыштуу саат 10:00дөн 12:00гө чейин Сүйөркулов көчөсүнөн чыгышты карай Малдыбаевдан тартып, Байтик баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгү, анан Байтик баатыр көчөсүнүн бир тилкеси менен түштүктү карай Сүйөркулов көчөсүнөн тартып, А.Масалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом