Мектептерде 18 миңден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген бала билим алуудаКыргызстандын мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар 26-июнда тапшырылатКочкордо 30 гектар айдоо жер мамлекетке кайтарылдыКыргызстан 2040-жылга чейин айыл чарба чийки затын кайра иштетүүнү 50%га жеткирүүнү пландаштыруудаЖарандар өздөрүнүн кыймылсыз мүлкү боюнча бүтүмдөргө тыюу сала алышатБишкекте «Energy Expo 2026» эл аралык энергетикалык көргөзмөсү өтөт
Украинада 20 жаштагы түбү кыргызстандык каза болду
22.03.2022 | 17:11
20 жаштагы түбү кыргызстандык Украинадагы согушта каза болгон. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын жакындары билдирди.
Маркумдун бир тууганынын айтымында, жакын арада сөөк Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылына жеткирилет.
«Ал Орусиянын жараны болгон. Кыргызстанда туулуп-өскөн. Мен 2021-жылы Орусияга баргам. Норильскиде армияга чакырылып, аскердик кызматын өтөп жүргөн. Бизге ал 8-мартта каза болгонун айтышты, бирок, маалыматты 13-мартта жарыялашты. Бизге орус тарап сөөктү жеткирет деп айтышкан. Азыр көр казып жатабыз», – деди ал.
24-февраль күнү Орусия менен Украинаны ортосунда жаңжал башталган. Эки трап тең оор жоготууга учурап жатканы айтылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар