Чүйдүн жол милициясы 102 жаштагы апаны Карылар күнү менен куттуктады (видео)

Чүйдүн жол милициясы 102 жаштагы апаны Карылар күнү менен куттуктады (видео)

Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысы Эмил Жакыпов бүгүн, 1-октябрь – Карылардын эл аралык күнүнө карата 102 жаштагы Бүбүша Эрназарованы куттуктады. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди

Бүбүша Эрназарова 1921-жылы Кант шаарында төрөлгөн. Согуш жылдарында орукта эмгек кылып иштеп, көптөгөн медалдар менен сыйланган.

Эрте жашында бир тууган инилери менен жетим калып, туугандарынын колунда өскөн. Согуш маалында жерди кол менен айдап, буудай эгип, түшүмүн чогултуп, фронтко жөнөтүп турушкан. Жолдошу 1941-жылы согушка аттанып, алган жараатына байланыштуу 1944-жылы кайтып келип, колхоздо бригадир болуп иштеген.

Бүбүша Эрназарова согуш жылдарында Чоң Чүй каналынын курулушуна, андан кийин Балыкчы – Бишкек темир жолунун курулушуна катышкан.

Кийин жолдошу менен бирге пенсия курагына жеткенче чабан болуп иштеген. Учурда Бүбүша Эрназарова Чүйдүн Мыкан айылында кызы жана анын үй-бүлөсү менен жашайт.

Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кыргызстандыктарды кары адамдарга күн сайын кам көрүп, урмат-сый көрсөтүүгө чакырат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>