Кыргызстанда аба ырайы +38°Cге чейин ысыйт: 29-августка карата аба ырайынын божомолуБишкекте 13 жаштагы өспүрүм кыз үч күндөн бери изделүүдөМамлекеттик тууну үйүңүзгө илиңиз! Ошто патриоттук акция өтүүдөЖээнбек Кулубаев ШКУга мүчө мамлекеттердин улуттук координаторлорун кабыл алдыБишкекте Чүй проспектисинин жабылышына байланыштуу 16 автобустун каттамы убактылуу өзгөрөтОш шаарында бир нече негизги көчөлөр оңдолуп, пайдаланууга берилди
Бүгүнтөн тарта Бишкек—Балыкчы поезд каттамы жанданат
15.08.2022 | 09:17
Бүгүн, 15-августан тарта Бишкек—Балыкчы багыты боюнча республика ичиндеги жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддин каттамы жанданат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы билдирди.
Ал борбордон Бишкек-2 станциясынан саат 7.40та чыгып, Рыбачье станциясына 11.42де келет. Поезд Рыбачье станциясынан кайра саат 17.48де жөнөп, Бишкек-2 станциясына 21.50дө келет.
Билеттердин баасы вагонуна жараша өзгөрөт: кадимки вагон – чоңдор үчүн 150 сом, балдар үчүн 73 сом, люкс вагону – чоңдор үчүн 500 сом, балдар үчүн 250 сом.
Эске салсак, Боом капчыгайындагы селдин кесепеттеринен улам Бишкек—Балыкчы поезди убактылуу токтотулган.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом