«Полит Узник» баракчасынын администратору камалды — видео

«Полит Узник» баракчасынын администратору камалды — видео

«Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиев Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынды.

Ал УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо кени боюнча архивдик видеокайрылуусун фейсбукка жайгаштырганы боюнча кечээ, 14-августта суракка алынып кеткен.

Алдын ала маалымат боюнча Ырыс Жекшеналиевге карата «бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана калайман башаламандыкка чакыруу» беренеси боюнча иш ачылган.

Ошондой эле аталган билдирүүгө байланыштуу УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев да суракта болуп чыккан.

Эскерте кетсек, 14-августта президент Садыр Жапаров Жетим-Тоо кени боюнча билдирүү жасаган. Анда президент айрым адамдар Жетим-Тоо боюнча туура эмес маалымат таратып жатканын айтып, укук коргоо органдарын аларды тартипке чакырууну тапшырган. Буга чейин фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасында УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча архивдик билдирүүсү жарыяланган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>