Кадамжай: Тойдо уулангандардын саны 89га жетти

Кадамжай: Тойдо уулангандардын саны 89га жетти

Баткен облусундагы Кадамжай районунда тамакка уулангандардын саны 89га жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сакто министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 30-июлда «Алмаз» тойканасында 250 кишинин катышуусу менен үйлөнүү үлпөтү өткөн. 31-июлда тамакка ууланган адамдар ооруканага кайрыла башташкан (алар кусуп, ичи өтүп, алсыздык сезип, дене табы 39 градуска чейин көтөрүлгөн).

Бүгүн, 1-августка (саат 11:00гө) карата уулангандардын саны 89га жеткен. 16 киши бейтапканага жаткырылган. Алардын ичинен 2 бала реанимация бөлүмүнө жаткырылып, тиешелүү жардам көрсөтүлгөндөн кийин абалы жакшырган.

Министрликтен билдиришкендей, тойдо дасторконго жер-жемиш, салат, эт, тоок эти, ысык тамактар (казак эт, палоо, пирог) коюлган. Эт менен салаттар той ээсинин үйүндө жасалып, тойканага алынып келген. Кафеде ысык тамактар жасалган.

31-июлда кафе иштеген эмес. 1-августта кафе текшерилип, 6 кызматкерден, идиш-аяктардан кайсы бир инфекциянын бар же жоктугун аныктоо үчүн үлгүлөр алынган. Андан тышкары үй ээси жасаган эттен лабораториялык текшерүү үчүн үлгүлөр алынган.

«Кафенин жетекчисине протокол түзүлүп, анын негизинде ага айыппул салынат. Кафенин ишин  убактылуу токтотуу тууралуу көрсөтмө берилди», — деп билдирет министрлик.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: уулануу

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>