«Ошентип көрсүн!». Ташиев Шаршенбековдун «мелдештерге эски туу менен чыгам» деген сөзү боюнча үн катты

«Ошентип көрсүн!». Ташиев Шаршенбековдун «мелдештерге эски туу менен чыгам» деген сөзү боюнча үн катты

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков эл аралык мелдештерде эски тууну көтөрүп чыгам деген билдирүүсү боюнча үн катты.

«Фейсбуктагы» тайпалардын бирине соцтармактын колдонуучусу тарабынан «Жоламан Шаршенбеков: Мен алдыңкы жеңиштерде эски желекти гана көтөрүп чыгам!» деп жазылган спортчунун сүрөтү коюлган пост чыгарылган.

Аталган посттун алдына Камчыбек Ташиев комментарий калтырып, «Бир дагы спортчу мамлекеттик туусуз эч бир расмий мелдештерге катышууга укугу жок. Ошентип көрсүн!!! Мыйзам кабыл алынды жана жарандар ага баш ийүүгө милдеттүү!», — деп жазган.

Эскерте кетсек, буга чейин Жоламан Шаршенбеков Kaktus.kg басылмасына тууну өзгөртүүгө каршы экенин билдирген. Шаршенбеков алдыдагы эл аралык мелдештерде Кыргызстандын алгачкы туусун гана көтөрүп чыга турганын баса белгилеген.

«Мен тууну өзгөртүүгө каршымын. Президент Садыр Нургожоевич желек өзгөртүлсө, чыгым болбойбуз дебеди беле. Менде эски желек бар. Жаңы сатып албайм. Алдыда эски желекти гана көтөрүп чыгам», — деген спортчу.

Эскерте кетсек, 20-декабрда Жогорку Кеңеш Кыргызстандын туусун өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун жактырган. Тууну өзгөртүү демилгеси президент Садыр Жапаров тарабынан көтөрүлгөнү белгилүү. Ошол эле учурда элдин көпчүлүгү тууну өзгөртүүгө каршы. Парламент тууну өзгөрткөнү менен жарандар жаңы тууну кабыл албай турганын билдиришүүдө.

«Эски тууну гана көтөрүп чыгам». Жоламан Шаршенбеков жаңы туу боюнча оюн айтты

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>