Ымыркайын таштанды челекке таштап кеткен эне ооруканага жаткырылды

Ымыркайын таштанды челекке таштап кеткен эне ооруканага жаткырылды

Бишкекте жаңы төрөлгөн ымыркайын таштанды челекке таштап кеткен 21 жаштагы кыз камактан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, 14-октябрда Октябрь райондук сотунда отурум болуп өтүп, тергөөчү шектүүнү эч жакка кетпөө тилкаты менен камактан бошотууну өтүнгөн. Жаш эне ден соолугуна байланыштуу ооруканада жаткандыктан, сот өтүнүчтү канааттандырган.

Эскерте кетсек, бөбөк Бишкектин Октябрь районунун Элебаев көчөсүндөгү таштанды челектен 8-ноябрь түнү табылган. Ымыркай №1 төрөт үйүнө жеткирилген. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бөбөктүн абалы туруктуу, эркек баланын салмагы 2 кг 210 грамм болуп төрөлгөн.

Кийинчерээк баланы таштанды челекке таштап кеткен делип 21 жаштагы жаш эне кармалган. Ага карата «өз баласынын өмүрүнө кол салуу аракети» айыбы менен иш козголгон.

12-октябрда жаш эне 2023-жылдын 11-январына чейин камакка алынган.

Кийинчерээк ымыркай таенесине берилери кабарланган.

Таштанды челектен табылган ымыркайды таенеси алып кетүүгө даяр, — Эмгек министрлиги

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>