КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Быйыл Бишкектеги беш конушту газдаштыруу башталат
20.01.2023 | 09:30
Быйыл Бишкектин беш конушун газдаштыруу иштери башталат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 19-январындагы жыйынында “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын башкы директорунун экономика жана каржы боюнча орун басарынын милдетин аткаруучу Арзымат Алдаяров билдирди.
Анын айтымында, Лебединовка айылын газдаштыруу иштери башталган, кийинки кезекте Ак-Тилек жана Ак-Бата конуштары турат.
“Бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы 46 конуштун 27си газдаштырылды. Беш конушка газдаштыруу 2023-жылдын планына киргизилген, дагы 14 конуш газсыз калууда”, – деди Арзымат Алдаяров.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом