Быйыл Эгемендик күнү Ошто белгиленет

Быйыл Эгемендик күнү Ошто белгиленет

Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын башчысы Айбек Жунушалиев Кыргызстандын 31-август – Эгемендик күнүнүн 32 жылдыгын Ош облусунда белгилөөгө байланышкан даярдык иштери менен жеринде таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Көчмө жыйынга Эгемендик күнүн уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Ош шаарынын мэри жана тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү катышкан.

«Белгилей кетсек, өлкөнүн Эгемендик күнүнө карата бир катар инфраструктуралык объектилер реконструкцияланууда жана жаңы курулуш иштери жүргүзүлүүдө. 

Алсак, «Алымбек-Датка» этнографиялык комплекси, «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси оңдоп түзөөдөн өткөрүлүүдө. Мында 57 метр бийиктиктеги Кыргызстандын Мамлекеттик туусун орнотуу планы боюнча курулуш иштери жүрүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, Ош мамлекеттик университетинин айланасы реконструкцияланууда. Мында Кыргызстандын мамлекеттик жана саясий ишмери Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине карата анын эстелигин тургузуу пландалууда.

Андан тышкары, С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын айланасы, А. Сүйүнбаев атындагы Ош шаардык стадиону, ошондой эле Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн ат майданы оңдоп түзөөдөн өткөрүлүүдө.

Көчмө жыйынды жетектеген Айбек Жунушалиев Ош шаарынын борбордук аянтында өтүшү пландалган иш-чаралардын даярдыктары менен дагы таанышып, жыйынтыгында баардык иш-чараларга байланыштуу иштерди ыкчам жүргүзүүнү тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырган.

Эскерте кетсек, былтыр өлкөнүн Эгемендик күнүнө карата башкы иш-чара Чүй облусунун Чуңкурчак жайлоосунда өткөн. Анда президент Садыр Жапаров, мындан ары Көз карандысыздык күнүнө карата башкы иш-чара ар жылы бир облуста өткөрүлүп турарын айткан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>