Садыр Жапаров Монголиянын президенти менен жолугушту (сүрөт)

Садыр Жапаров Монголиянын президенти менен жолугушту (сүрөт)

Бүгүн, 9-июлда, Улан-Батор шаарында президент Садыр Жапаровдун Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Садыр Жапаровдун кортежи «Сухэ-Батор» аянтындагы мамлекеттик сарайга келип, ал жерде аны Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух жубайы Лувсандоржийн Болорцэцэг менен тосуп алган.

«Аянтта Кыргызстандын жана Монголиянын мамлекеттик желектери желбиреп, Монгол империясынын биринчи Улуу ханынын жеке гвардиясынын кийимине стилдештирилген параддык формадагы атчандардын отряды тизилип турду.

Өлкө лидерлери салам алышкандан кийин улуттук костюмчан балдар жогорку даражалуу коноктор менен учурашып, аларга гүл тартуулашты», — деп айтылат маалыматта.

Андан соң мамлекет башчылары жубайлары менен чогуу сүрөткө түшкөн. Ардактуу кароолдун ротасынын командиринин саламдашуу рапортунан кийин Кыргызстандын жана Монголиянын мамлекеттик гимндери жаңырган.

«Өлкө лидерлери Кыргызстандын жана Монголиянын расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырып өттү, ошондой эле Монголияда орун алган дипломатиялык корпус менен учурашты.

Андан соң мамлекет башчылары жубайлары менен бирге Чыңгызхандын эстелигине таазим кылууга бет алышты.

Андан кийин мамлекеттик сарайда президент Садыр Жапаров ардактуу меймандардын китебине Монголия элине эң жакшы каалоо-тилектери менен эстелик жазуу калтырды, андан соң мамлекет башчыларынын жубайлары менен бирге сүрөткө түшүүсү болду», — деп билдирет президенттин маалымат кызматы.

Расмий жолугушуу аземи аяктагандан кийин өлкө лидерлери жубайлары менен эки тараптуу жолугушуу залына өткөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>