Садыр Жапаров Монголияга барды. Президентти ким тосуп алды?

Садыр Жапаров Монголияга барды. Президентти ким тосуп алды?

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-июлда, мамлекеттик сапар менен Монголияга барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президенттин борту Улан-Батор шаарынын «Чыңгызхан» эл аралык аэропортуна конгон. Аэропортто килем төшөлүп, Ардактуу кароол тизилген.

Садыр Жапаровду Монголиянын тышкы иштер министри Батцэцэг Батмунхийн тосуп алган.

Белгилүү болгондой, мамлекеттик сапардын жүрүшүндө бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өтүп, эки тараптуу документтер кабыл алынат.

Жапаровдун мамлекеттик сапарынын иш-чаралары Монголиянын эки шаарында — Улан-Батор жана Эрдэнэтте өтөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>