Быйыл ирригациялык тармактарды оңдоого 1 млрд сом бөлүнөт

Быйыл ирригациялык тармактарды оңдоого 1 млрд сом бөлүнөт

Суу чарба кызматынын балансында турган мамлекеттик суу чарба объектилерин оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө быйыл 1 миллиард сом бөлүнөт. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

«Бул каражатка 183,1 чакырым арыктарды оңдоо, 77,4 чакырым каналдарды бетондоо, 712,1 чакырым каналдарды механикалык тазалоо, 619 гидротехникалык курулуштарды, 340 ченегич постторду, 105 насостук станцияларды оңдоо, 28 скважиналарды оңдоо жана тазалоо пландалууда. 14 суткалык жана он күндүк жөнгө салуу бассейни, тогуз суу сактагыч, ошондой эле 276,8 чакырым коллектордук-дренаждык түйүндөрдү оңдоо жана механикалаштырылган тазалоо иштери жүргүзүлдү», — деди ал.

Ирригациялык объектилерде оңдоо-калыбына келтирүү иштери жыл бою уланып, 25-декабрга чейин толук бүткөрүлөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>