Унаа айнектерин караңгылатуу акысын арзандатуу сунушталды

Унаа айнектерин караңгылатуу акысын арзандатуу сунушталды

Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элдар Сулайманов унаалардын айнектерин караңгылатуу акысын өзгөртүүнү сунуштады. Анын айтымында, учурда коюлган 80 миң сомдук акы адилетсиздик.

“Унаанын терезелерин караңгылатуу акысын төмөндөтүүнү сунуштайм. Мисалы, унаанын кыймылдаткычынын көлөмү экиге чейин болсо 20 миң сом, үчкө чейин 40 миң, төрткө чейин 60 миң, ал эми бештен жогоркулар 80 миң сом болуп кала берсин. Ошондо деле абдан жакшы киреше түшөт. Мына азыр эле бир жарым айда 38 миллион сом түшүптүр. Ушундай жол менен бюджетке дагы көбүрөөк акча түшмөк», — деди Сулайманов.

Учурда автоунаанын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга 23-майдан тарта уруксат берилген. Ага ылайык бир жылдык мөөнөткө жеке жактар 80 миң, юридикалык жактар 100 миң жана чет элдиктер 120 миң сом төлөп караңгылата алат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: автоунаа

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>