Быйыл мектептердеги окуу китептеринин ижара акысы бекитилди

Быйыл мектептердеги окуу китептеринин ижара акысы бекитилди

21-августта билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев 2023-2024-окуу жылында Кыргызстандын окутуу кыргыз, орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарында ижарага бериле турган окуу китептеринин тизмектерин жана окуу китебинин ижара акысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө буйрукка кол койду. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Буйрукка ылайык, 2023-2024-окуу жылында окутуу кыргыз, орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарында ижарага бериле турган окуу китебинин ижара акысы 25 сом өлчөмүндө, ал эми окуу китебинин ижара акысын төлөө мөөнөтү 2023-жылдын 31-декабрына чейин деп белгиленген.

«Мектептерде окуу китептеринин ижара акысын киргизүү жаңы китептерди сатып алууга шарт түзө тургандыгын кошумчалайбыз. Окуу китебинин ижара акысынын өлчөмү бир окуу китебинин баасы 125 сом болуп турганда белгиленген. Беш жылдык ижара акысы окуу китебинин баасын толугу менен актайт деп болжолдонгон. Жаңы окуу жылында ижара акысын көтөрүү пландалган эмес. Келечекте окуу китептерине болгон баанын жогорулашы менен ижара акысынын өлчөмү жогорулатылышы мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

Быйылкы жылы кыргыз тилинде окуткан мектептердин башталгыч класстары үчүн “Мен жана дүйнө”, “Кыргыз тили”, “Адабий окуу”, 7-8-класстар үчүн “Адам жана коом” окуу китептерин басып чыгаруу пландалууда.

Министрлик ошондой эле окуу китептерин басып чыгарууга лицензия алуу үчүн Кембриж жана Оксфорд университеттеринин басмаканалары менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. “Окуу китеби” республикалык илимий-практикалык борбору бир катар басмалар тарабынан иштелип чыккан окуу китептерине экспертиза жүргүзүүдө.

Окуу китептери басылып чыккандан кийин электрондук версиялары Билим берүү жана илим министрлигинин Электрондук китепканасына — https://kitep.edu.gov.kg жайгаштырылат. Министрлик жыл сайын окуу жылы башталгандан кийин окуу китептеринин жетишсиздигин аныктоо үчүн мектептердин окуу фондуна инвентаризация жүргүзөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>