Быйыл милиция 22,9 миң кылмыш ишин козгоп, алардын 58,9%ы ачылган

Быйыл милиция 22,9 миң кылмыш ишин козгоп, алардын 58,9%ы ачылган

Жыл башынан бери Кыргызстанда ички иштер органдары тарабынан 22 миң 988 иш козголуп, алардын 58,9%ы ачылган. Бул тууралуу ИИМ башчысынын биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов бүгүн, 28-июлда жарым жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурумда билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери өлкөдө укук коргоо органдары тарабынан 24 миң 492 кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен, 22 миң 988 кылмыш иши ички иштер органдары тарабынан козголуп, жалпы кылмыштардын 93,8 пайызын түздү.

«Ички иштер органдары тарабынан быйылкы жылы козголуп, тергөө иштери жүргүзүлгөн кылмыштардын бетин ачуунун пайыздык көрсөткүчү 58,9%ды түздү», — деди Бийбосунов.

Бийбосунов билдиргендей, ички иштер органдары элдин коопсуздугун камсыздап, кылмыштуулукка каршы күрөшүп, жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткарып келүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>