Салык төлөөдө жарандарга жеңилдиктер сунушталды

Салык төлөөдө жарандарга жеңилдиктер сунушталды

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөрдү милдеттенмелерди аткарууда жеңилдетилген режимди пайдаланууга чакырат. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, салык төлөөчү салыктык текшерүүнүн же такталган салык отчетун берүүнүн натыйжасында эсептелген туумдардын жана салык санкцияларынын 50 пайызын төлөөдөн бошотуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Бул жеңилдетилген режимди пайдалануу үчүн бир эле учурда төмөнкү шарттар аткарылышы керек:

— учурдагы салык карызы жок болуу;

— салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чечим тапшырылган же такталган салык отчету берилген учурдан тартып 15 күндүн ичинде салык калдыгынын толук суммасын, туумдардын жана салык санкцияларынын 50 пайызынын башка бөлүгүн төлөө.

Белгилей кетсек, 50% жеңилдик алуу үчүн салык органына салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонуу жөнүндө арызды төлөнгөндүгүн ырастоочу документтер менен бирге жөнөтүү зарыл.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>