Бишкекте баланы мектепке даярдоого канча каражат керектелет? — видео

Бишкекте баланы мектепке даярдоого канча каражат керектелет? — видео

Быйыл жаңы окуу жылы 1-сентябрда башталат. Ага саналуу гана күндөр калгандыктан ата-энелер балдарына кийим-кече, окуу куралдарын сатып берип, мектепке камылгасын баштады. Reporter.kg’нин кабарчысы “Дордой” базарына барып, борбор калаада окуучуларды мектепке даярдоого канча каражат талап кылынарын билип көрдү.

Быйыл баалар былтыркыга караганда бир топ кымбаттаган. Сатуучулардын айтымында, көйнөк-кийимдердин баасы орточо 100-200 сомго өскөн. Маселен, балдар жана кыздардын көйнөгү орточо 800 сом турат. Ал эми шымдар менен юбкалардын баасы 600 сомдон башталат. Костюм-шымдар орточо 2,5 миң сом турат. Бут кийимди да сапатына жараша 1 миң сомдон баштап алса болот. Орточо эсептегенде баланы мектепке кийинтүү үчүн 5-9 миң сом кетет. Ал базарда соодалашып алганга жараша болот.

Баанын кымбаттаганы ата-энелерге да сезилүүдө. Жылдыз Осмонова 5 баланын энеси, азыр окуучу балдарына керектүү кийимдерди алып, кийинчерээк кошумча алып беребиз деп пландап жатат.

“Азыр бир көйнөгү 1,5 миң сом болууда. Жалпы канча сом кетерин билбейм. 5 миң сомго алабыз деп эсептеп келгем. Азырынча бир кийингени үчүн алсак, жетпегенин кийин алабыз. 5 балам бар, үчөөсү мектепке барат. Жалпы 20 миң сом коротом деп келгем”, — деди ал.

Сатуучу Альберт Исаевдин айтымында, ал элге ыңгайлуу болушу үчүн кийимдерди көп кымбат сатпаганга аракет кылууда.

“Азыр былтыркыга караганда баалар 50 сомго кымттады десем болот. Мисалы биз былтыр дүңүнөн 500 сомго алган көйнөктөргө 50 сомго чейин кошулду. Элге ыңгайлуу болсун деп баасын колдон келишинче арзан сатып жатабыз. Орточо 150-200 сом кошобуз”, — деди ал.

Базарда бир эле кийим-кече кымбаттабастан, окуу куралдардын баасы да өскөн. Окуу куралдарын саткан сатуучу Кылыч Акылбековдун пикири боюнча да ата-энелер окуу куралдары үчүн орточо 2-2,5 миң сом кетирет.

“Кагаздан даярдалган продукциянын баары камбаттап кетти. Анын себеби Россияга санкция салынгандан кийин ал жактагы заводдор жабылды. Бирок көбүнчө товарлар мурунку баада калууда. Биз сатып алып жаткан баа 10-15 сомго кымбаттады”, — деди ал.

Билим берүү жана илим министрлиги да өлкөдө кымбатчылык болуп жатканына байланыштуу быйыл окуучуларга бирдиктүү форма кийүү талабын койгон жок. Болгону окуучулардан мурункудай эле асты кара шым же юбка, үстү ак көйнөк кийүүсү талап кылынат.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакуновдун айтымында, бирдиктүү форма боюнча маселени ата-энелер өз каалоосу менен мектеп директорлору менен чечип алса болот.

 “Мектеп форма маселеси коомчулукта көп жылдан бери көтөрүлүп келет. Азыркы экономикалык кырдаалга, ата-энелердин абалына байланыштуу быйыл окуу жылына карата министрлик тарабынан астына кара шым же юбка, үстүнө ак көйнөк кийүү сунушталды. Ата-энелерге мектеп директорлору менен бирге бирдиктүү форманы сунуштасаңыздар болот деп айтып жатабыз. Мисалы, чет мамлекеттерде ар бир мектептин өзүнүн формасы бар. Ал форма боюнча тиги мектептин мугалими же окуучусу деп таанышат. Республиканын айрым жерлеринде мугалимдердин да бирдиктүү формасы киргизилген. Аны ар бир мектеп өзү чечет”, — деди Мамбетакунов.

Жыйынтыгында мектепке бара турган балага кийим, окуу куралдарын алууга орточо 8-9 миң сом кетери белгилүү болду. Ошол эле учурда базар аралап андан арзан же кымбатын да тапсаңыз болот.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>