УКМК Кыргызстанга уюлдук телефондорду аткезчилик менен ташып келүү каналына бөгөт койдуЭмгек министрлиги коррупция тууралуу билдирүүлөр үчүн ишеним телефону иштеп жатканын эскерттиБаланын өлүмү: Автобустун айдоочусу буга чейин мас абалында унаа башкарганы үчүн айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылганБишкекте 2008-жылы жасалган кош киши өлтүрүүнүн бети ачылдыЭмгек министрлиги: Аномалдуу ысыкка байланыштуу жумуш убактысын кыскартуу Эмгек кодексинде каралган эмесЫсык-Көлдөгү тазалоочу курулмалардын жанындагы эреже бузуулар боюнча кылмыш иши козголду
Былтыр каржы пирамидасы боюнча 40 адам жоопко тартылды
19.01.2024 | 22:02
2023-жылы Кыргызстанда каржы пирамидасына байланыштуу 358 иш тергелди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, анын ичинен 217 кылмыш ишинин тергөөсү аяктап, соттук кароого жиберилген. Учурда 98 кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып келет.
Кылмыш иштери боюнча жабырлануучулардын жалпы саны 350 адамдан ашып, келтирилген материалдык чыгым 68 млн сомдон ашкан. Ал эми, кылмыш иштери боюнча жалпысынан 40 адам жоопко тартылган.
Каржы пирамидасына байланыштуу кылмыш фактыларынын басымдуу көпчүлүгү Бишкек шаарында, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында катталган. Ал эми салыштырмалуу азыраак бөлүгү Чүй, Баткен жана Талас облустарына катталган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар