Катарда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

Катарда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

22-январь күнү Катардын Доха шаарында өтүп жаткан “ЭКСПО-2023 Доха” жарманкесинде Кыргызстандын Улуттук күнү, ал эми 23-25-январь күндөрү Кыргызстандын Маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, расмий делегацияны министр Алтынбек Максутов жетектейт.

“ЭКСПО-2023 Доха” жарманкесинин алкагында өтүп жаткан Улуттук күндө кыргыз элинин бай маданияты сунушталып, келгендер кыргыз боз үйү, кыргыз элинин зергер буюмдары, байыркы кыргыз жоокерлеринин соот-шаймандары, кыргыздын салттуу жана заманбап кийимдери, улуттук-тамак ашы жана башкалар менен тааныша алышат.

Кыргызстандын Улуттук күнү расмий ачылып, искусство чеберлеринин концерттик программасы менен коштолот. Ал эми маданият күндөр Катар мамлекетинин Доха шаарындагы Лусаил Бульварында Кыргызстандын павильонунда өтөт.

Чыгармачыл топтун курамында А.Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисттери, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекттик маданият жана искусство университетинин өкүлдөрү, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын, Ч. Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театрынын, Кыргыз мамлекеттик “Учур” жаштар театрынын, Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын актёрлору, Чалагыз Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамбли, Нурдин Түгөлов атындагы мамлекеттик “Ак Марал” бий ансамбли, ошондой эле режиссёрдук коюучу топ, дизайнерлер жана кол өнөрчүлөр бар.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>