Ыйлап, жардам сураган келинге коргоо ордери берилди (видео)

Ыйлап, жардам сураган келинге коргоо ордери берилди (видео)

Кечээ, 24-июлда социалдык тармактарга күйөөсү кичи автобустан түшүрбөй, жардам сурап, ыйлап жатканы тартылган келиндин видеосу тараган. Анын колунда кичинекей баласы болгон. Аял ыйлап, жардам сурап жатканына карабай, күйөөсү аны түшүрбөй, унаасын айдап кетип калган.

Окуя Бишкектеги Asia Mall соода борборунун аймагында болгон.

Видео соцтармакткарга тараган кийин милиция аталган фактты каттоого алып, териштирүү иштери башталган.

Анын жүрүшүндө унаадагы жаран 37 жаштагы А.К. экени аныкталып, милицияга чакырылган.

Ал эми анын К.Н. аттуу жубайы күйөөсүнө дооматы жок экенин айтып, арыз жазуудан баш тарткан. Ошол эле учурда келинге коргоо ордери берилген.

Милиция үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен жана ушундай окуяларга күбө болгон адамдарды жакынкы милиция бөлүмүнө же «102» номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>