Матрешка-гейт эсиңиздеби? Текебаев Варшавага кайра матрешка алып барды

Матрешка-гейт эсиңиздеби? Текебаев Варшавага кайра матрешка алып барды

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев 2006-жылы Варшавада анын ишин караган судья Малгожата Шамборска менен жолугушту. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Дипломат судьяга матрешка тартуулаганын белгилейт.

«18 жыл мурун Варшавада кармалып, түрмөгө олтургузулганмын. Ошол ишти жаш судья кыз карап, фактыларды, жагдайларды, биографиямды эске алып, мени актап, түрмөдөн бошоткон. Ошол судья пани Малгожата Шамборска менен жолуктум. Ага ыраазычылык билдирип, матрёшканы белекке бердим. Анын ичинде бул жолу да ак зат бар эле», — деп жазды элчи.

Эскерте кетсек, 2006-жылы Жогорку Кеңештин ал кездеги депутаты Өмүрбек Текебаев Варшаванын аэропортунда героин менен кармалган. «Манас» эл аралык аэропортунун коопсуздук кызматынын башчысы Надырбек Мамыров саясатчынын жүгүнө баңги зат салганын мойнуна алып, аны ошол учурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныбек Бакиевдин көрсөтмөсү менен ишке ашырганын айткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>