Нарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөтОрусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда
Бишкектин четинде 53 жаштагы аял жол кырсыгынан каза болду
25.09.2025 | 16:28
Бишкектин четинде эки жеңил унаа кагылышып, 53 жаштагы аял каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББдин басма сөз кызматы билдирди.
Жол кырсык бүгүн, 25-сентябрда, болжол менен саат 07:45те Бишкектин Жал жана Кашка-Баш айылдарынын ортосунда болгон. Honda Aria унаасы түштүк багытта бара жатып, Hyundai Sonata менен кагышкан.
Кырсыктын кесепетинен Honda Aria унаасынын 53 жаштагы жүргүнчүсү окуя болгон жерде каза болгон. Эки унаанын айдоочулары жана жүргүнчүлөр ооруканага жеткирилген. Материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп, бардык керектүү экспертизалар дайындалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар

