Чүй аппарат башчысын акыркы сапарга узатуу комитети түзүлдү

Чүй аппарат башчысын акыркы сапарга узатуу комитети түзүлдү

Көкөмерен дарыясына үй бүлөөсү менен агып кеткен өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлүнүн  аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаевди акыркы сапарга узатуу зыйнатын өткөрүү боюнча атайын комитет түзүлдү.

Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлагандай,  маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты качан жана кайсы жерде болору азырынча тактала элек.

Мындан сырткары өкмөттүн Чүй облустагы өкүлү Алтынбек Намазалиев Абдылдаевдин калган  үй-бүлө мүчөлөрүн жана машинесин издеп табуу иштери боюнча чукул жыйын өткөргөн.

Айта кетсек, Молдакун Абдылдаев үй бүлөсү менен 30-июнь күнү Суусамырга, Кожомкул балбандын 130 жылдыгына кеткен бойдон дайынсыз болуп изделип жаткан. Бүгүн, 3-июлда Абдылдаевдин жана анын айдоочусунун сөөгү табылды.  Ал эми унаа менен кошо сууга аккан 3 киши табыла элек.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>