Ойлонбой коротуунун ордуна алтын: коротуу адатын кантип топтоо адатына айлантуу керекЧолпон-Атада Көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында ветеринардык көзөмөл күчөтүлүүдөВенгриялык спортчулар VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырылдыАрмения азырынча ЕБ жана ЕАЭБ боюнча референдум өткөрбөйт – Никол ПашинянБишкекте УКМКнын мурдагы жетекчиси Ташиевдин жана башка саясатчылардын соту өтүүдөСпортчулардын улуттук курамадагы жылдарын эмгек стажына кошуу сунушталууда
Чаткалдагы “Кичи-Чаарат” фабрикасында жумушчу каза болду
01.08.2024 | 12:15
Жалал-Абаддын Чаткал районунун Чакмак-Суу айылындагы “Кичи-Чаарат” байытуу фабрикасында иштеген жумушчу каза болду. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Окуя 30-июлда болжол менен саат 07:30да болгон. Жумушчу фильтр-пресс аппаратынын ичине түшүп, кароо жүргүзүп жатканда, жабдык белгисиз себептерден улам иштеп кетип, жумушчуну кысып калган. Ал алган жараатынан улам көз жумган.
Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Малкум (М.А.) 39 жашта болгон. Ал аталган ишканада 2019-жылдан бери иштеп келе жаткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом