Чаткалдагы мектептин шыбынын урашы: Кен казуучулар жардыруу кылышкан

Чаткалдагы мектептин шыбынын урашы: Кен казуучулар жардыруу кылышкан

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев парламенттин жыйынында Чаткалдагы орто мектептин шыбынын урашына “Эки бакыр терек сай” алтын кен казуучу компаниянын жардыруу кылгандан кийин кырсык болгонун айтып чыкты.

Чаткалда “Эки бакыр терек сай”- деген алтын кенин казган компания айылдын үстүнө жардырууларды уюштуруп, натыйжасында мектептин үстү кулап түштү. Окуучулар ооруканаларга чейин барышты. Мына ушуну Өзгөчө кырдаалдар министрлиги караган эмес белеңер? Мектеп авариялык абалда болсо, ошол жакта күндүз жардыруу болуп жатса “Эки бакыр терек сай” компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерген эмес белеңер, эмнеге текшерген эмессиңер? Анткени, элдер көп жолу кайрылышкан экен. Жардыруунун кесепетинен мектептин үстү кулап түшүп жатат. Айылдын четинде 500 метр аралыкта, көрүнүп турат. Жардырууларды жүргүзүп кендерди каза берсе болобу?”- деп Өзгөчө кырдаалдар министрлигине суроо салды.

Ал эми депутаттын суроосуна Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов жооп берди.

Ал кенди Мамлекеттик геология агенттиги текшеришет, көзөмөлдөйт. 2018-жылы мектепти текшергенбиз. Ал мектеп авариялык абалда болгон эмес. 2021-жылы да текшергенде ал мектеп кооптуу деп табылган эмес. Ал эми кенде жардыруу жүргөнүн азыр угуп жатам, эртең жок бүрсүгүнү өзүм барып кабар алам. Ошондон кийин кошумча маалымат берейин”— деди.

17-май күнү Терек-Сай айылында жайгашкан А.Чымканаев атындагы №18 орто мектептин 1-корпусунун 2-кабатында жайгашкан окуу классанын шыбы (потолок) урап түшкөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>